Биз менен байланышыңыз

Майыптардан пара алган медэксперттин кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 328 | 1

Араван районунда медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Араван районундагы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлеринин коррупциялык иштерин аныкташкан. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, иликтөө башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө комиссиянын кызматкерлери майыптарга документ берүүдө пара алып турушканы такталган. Мындай мыйзамсыз иштерден күнүнө 60-70 миң сомдон акча туруктуу түшүп турган. Бул жаатта жалпы 22 факты табылган.

Козголгон кылмыш иштин негизинде айтылган эксперттик комиссиянын төрагасы А.А.М., мүчөлөрү Ч.Э.А., Ж.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Бекмырза

    11.12.2023 10:15

    Гос регистрдида карап койгула именно Аравандыкын толук карап чыккыла

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM