Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүүгө каршы жүрүш өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Дек 2023 | 232 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбагында мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жөө жүрүш өттү.

Топтолгондор активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылышты.

Ошондой эле мамлекеттик тууну өзгөртпөөгө чакырган кайрылуу жасашты.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга камакка алынды.

Парламент өткөн жумада мамлекеттик тууну өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM