Биз менен байланышыңыз

Кышкы туристтик мезгилдин ачылышы болот

Кыска кабар | 9 Дек 2023 | 183 | 0

Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Иш-чара 14-декабрда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында саат 11:00дө болот.

Туристтик мезгилдин ачылышы коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Ошондой эле катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулат.

Андан тышкары, шаардыктарды бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50% арзандатуу күтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM