Биз менен байланышыңыз

Желекти өзгөртүүгө каршы чыккан активист эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 9 Дек 2023 | 161 | 0

Активист Афтандил Жоробеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМ активисттин жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефон, фотоаппарат, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай  техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынганын билдирди.

Жалпысынан, ага таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 000 000 сомдон ашык сумманы түздү.

Жогоруда айтылган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талтарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга)  менен иш козголду.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен активист эки айга тергөө абагына камакка алынды.

Белгилей кетсек, Афтандил Жоробеков бүгүн, декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясына чыкмак.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM