Биз менен байланышыңыз

Журналист Али Токтакунов «Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы» сыйлыгын алды

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 272 | 0

Журналист, MediaHub иликтөө тобунун жетекчиси Али Токтакунов АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы» сыйлыгын алды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул сыйлык коррупциянын алдын алууда, анын бетин ачууда лидерлигин, кайратмандыгын жана таасирин көрсөткөндөргө ыйгарыларын билдирди.

Сыйлыкты журналистке АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо тапшырды.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун мурдагы кабарчысы Али Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, АКШнын глобалдык Магнитский санкциясына дуушар болгон Райымбек Матраимов боюнча бир катар резонанстуу иликтөө иштеринин авторлорунун бири. 2021-жылы Токтакунов өз иликтөөлөрү жана репортаждары аркылуу көз карандысыз журналистиканы өнүктүргөн MediaHub фондунун тең негиздөөчүсү болгон.

Бул жылы «Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы» сыйлыгы 11 өлкөнүн журналисттерине, активисттерине жана өкмөт өкүлдөрүнө ыйгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM