Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо тармагына жүздөн ашык автоунаа алынды

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 165 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине 107 даана автоунаа тапшырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, техника COVID-19 вирусунун кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында 3 миллион долларга Орусиянын колдоосу менен алынды.

Үч жылдын ичинде 335 жаңы медициналык тез жардам унаасы, ошондой эле санитардык транспорттук каражаттары алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан класстагы санитардык транспорт, 19 даана минивен класстагы санитардык транспорт, 4 даана  каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана жалпы суммасы 3 000 000 долларга 2 даана дезинфекциялоочу машина алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM