Биз менен байланышыңыз

«НӨЛдөн БИРге: Жаш ишкерлерге арналган китеп кыргызчаланды

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 324 | 0

«НӨЛдөн БИРге: Стартаптар тууралуу маалымат же келечекти кантип курабыз?» (Zero to One: Notes on Startups, or How to Build the Future) аталышында эл аралык бестселлер китеп кыргызчага которулду.

Аны «Китепстан» басма үйү чыгарды. Бет ачары 15-декабрга белгиленди.

Китептин автору — PayPal, Palantir компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Facebook’тун биринчи тышкы инвестору Питер Тил.

Автордун ою боюнча ар бир ийгиликтүү стартаптын өзөгүндө компанияга монополия макамын берген уникалдуу бир продукт жатат. Питер Тилдин бул китеби жаш ишкерлерге, стартап негиздөөчүлөрүнө  өз компанияларын ийгиликке жетелөө үчүн кандай стратегияны тандоо керектиги тууралуу баалуу кеңештерин берет.

Китепти кыргызчага Элмира Абжапарова которгон.

«Китепстан» басма үйү 2018-жылдан бери билим берүү, экономика, саясат, өзүн өзү өнүктүрүү багытындагы чет тилдеги бестселлер китептерди кыргыз окурмандарга жеткирүүнү көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM