Кечээ, 6-декабрда Ош облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде 18 жаштагы жоокер өзүн атып алды. Жоокер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болгону тууралуу чек ара кызматы кабарлады. Ал аскерге ушул жылдын күз мезгилинде чакыртылган Руслан Эрменбаев экени айтылды. Анын апасы президентке кайрылып, аскерде кызмат өткөп жаткан жоокерлердин коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранды. Ал эми эксперттер жоокер кызмат учурунда өзүнө ок атып алуусу мүмкүн эместигин, жоокерге кандайдыр бир кысым болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
УКМКнын Чек ара кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, 6-декабрда 2005-жылы туулган Э. Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон. Азыркы учурда аталган иш боюнча тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылып, кызмат өтөп жаткан жоокерлердин коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранганын «Азаттык» жазды. Руслан Эрменбаев жети бир туугандын экинчиси болгон. Ал аскерге чакырылганына 3 айдын жүзү болгон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалымат кызматынын улук офицери Сажира Чоколоеванын айтымында, бул окуя 2023-жылы кызмат өтөп жаткан аскерлердин арасынын биринчи жолу катталды. Ал эми келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткандардын арасынан буга чейин эки аскер кызматкери кызмат учурунда каза болгон.
«2023-жылы кызматтык аскер өтөп жаткан жоокерлердин арасынан өзүнө ок аткан биринчи учур. Алдын ала маалыматтар боюнча АК-74 автоматынан этиятсыздыктан пайдалангандан улам, кокусунан ок чыгарып алган. Жоокер алган жаракатынан улам каза болуп калды. Ал аскерге ушул жылдын күз мезгилинде чакыртылган. 2005-жылы туулган, Ала-Бука районунун тургуну болчу. Андан сырткары бул жылы келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан эки аскер каза болду. Бирөө жыл башында нөөмөт мезгилинде куралдарын өткөрүп жатып, кокустан атып алган. Экинчиси, ноябрь айынын башында спорттук иш-чара өтүп жаткан учурда коопсуздук эрежесин сактабагандыктан бир аскер кызматкери каза болгон».
Мурдагы Аскер прокуротурасынын кызматкери, адвокат Адилет Ногоевдин айтмында, аскерлердин өлүмүнүн катталып жатканын себеби аскерлердин үстүнөн көзөмөлдүн жоктугунан болууда. Ошондой эле аскерелерге автоматты кантип колдонуу керектиги жөнүндө, коопсуздук жаатында сабактар өткөрүлүп туруусу керек.
Ногоев аскер өзүн-өзү атып алуусу чанда гана болоорун, жоокер өзүнө байкабастан ок атып алган учур машыгуу же окуу учурунда гана болбосо, күнүмдүк иш күнүнүндө өзүнө ок атуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, буларга токтолду:
«Аскерлердин арасында өзүн атып алган учурлар чанда кездешет. Анда да машыгуу учурунда же окутуу мезгилинде гана болбосо, күнүмдүк кызмат учурунда болушу мүмкүн эмес. Бул жерде жоокерлердин арасында кандайдыр бир кысым, пикир келишпестик, кол көтөрүү болушу мүмкүн. Бул версия четке кагылбашы керек. Андан сырткары жоокерлер бир жылга кызмат өтөөгө чакырылат. Аны менен катар келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан аскерлер да бар. Алар тараптан да кандайдыр бир кысым, басмырлоо болушу мүмкүн».
Ошондой эле ал мындай окуялар алдыда аскерге кызмат өтөй турган жарандарга терс таасирин тийгизет деген пикирде.
Ногоев мындай окуялардын алдын алуу үчүн комплекстүү аракет кылуу керектигин белгилеп, мектеп кезинен баштап эле аскерге даярдап, аскерге чейинки сабакта автоматтын макетин кармап, армияга үйрөнүп келүүсү зарылдыгын кошумчалады.
«Мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактарын күчөтүү зарыл. Кызмат өтөөгө келе турган бардык жарандар автомат эмне, ок кандай болот ушулар боюнча маалыматы болуп, кармап, маалымат алып келүүсү көрүүсү керек. Мисалы, алыскы аймактардагы айылдарда автомат көрбөгөндөр бар. Алар армияга келип, автоматтын ар жак, бер жагына кызыгат да, ошондон улам ушундай окуялар катталууда. Бул көйгөйдү жоюуда комплекстүү аракет болуусу кажет. Бул көйгөй бир эле Чек ара кызматынын же Ички иштер кызматынын маселеси эмес, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери да чогуу аракет жасаганда гана натыйжа болот. Мисалы, мектепте АЧД (аскерге чейинки даярдык) сабактарын күчөтүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги октон жараат алганда кантип биринчи жардам көрсөтүү зарыл деген маселелердин үстүндө бирдиктүү иш аракет жүргүзүү кажет».
Ал эми бул окуя боюнча Акыйкатчы инстутуна кайрылганыбызда акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев аскер бөлүктүн командири жана аскерлер менен окуя тууралуу жеке сүйлөшүүлөр жүргузүлөөрүн айтты.
«Бул маселе боюнча биз УКМКга окуя кайда болгон, кандай болгону тууралуу маалымат алганы кайрылганыбызда алар маалымат берүүдөн баш тартып, Башкы прокуратура жооптуу экенин айтты. Ал жактан расмий жооп күтүп жатабыз. Биз Акыйкатчы институту өзүбүздүн компетенциябыздын алкагында иш аракеттерди жасайбыз. Бул окуяны аныктоо максатында окуя болгон аскер бөлүгүнө барып, ал жердин командири, аскер кызматкерлери менен жолугуп окуянын чоо-жайын аныктайбыз. Тергөө иштерине да байкоо салып турабыз».
Буга чейин кызмат өтөп жаткан аскер өзүнө ок чыгарып каза болгон учурлар бир нече жолу катталган. Ушул жылдын 20-ноябрында Токтогул ГЭС каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постто кызмат өтөп жаткан катардагы эки аскердин ортсунда чыр чыгып, бир аскер экинчисин атып салган. Ички иштер министрлигини 2017-жылдан 2021-жылга чейинки маалыматына ылайык, беш жылда өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.