Биз менен байланышыңыз

Быйыл президент менен өкмөт башчы канча өлкөгө барышканы айтылды

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 258 | 0
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда өткөн маалымат жыйында быйыл жыл башынан бери президент Садыр Жапаров 22 чет элдик визит жасаганын айтты.

Анын ичинен Кытайга (17-20-май) жана Монголияга (9-11-июль) мамлекеттик сапары менен барды.

Расмий сапары менен Бельгия, Орусия жана Жапонияга барды.

Катардагы иш-сапарлары 17 өлкөдө ишке ашты. Алар — Түркия, Орусия, Казакстан, Кытай, Сауд Арабиясы, Венгрия, Тажикстан, АКШ, Германия, Өзбекстан, Франция, Беларусь, Азербайжан жана Бириккен Арап Эмираттары.

Министрдин маалыматына караганда, быйыл 589 эл аралык келишим жана документ даярдалган, анын ичинен 139у эки тараптуу, 450сү көп тараптуу кызматташууга байланыштуу.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18 жолу чет өлкөгө чыккан: Казакстан, Өзбекстан, Орусия, БАЭ, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык округу, АКШ, Армения, Германия жана Улуу Британия.

Copyright © 2017 Maral FM