Биз менен байланышыңыз

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 228 | 0

Чүй облусунда «Гласслэнд компани» ишканасынын терезе чыгаруучу заводу курула баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган заводго барганда маалым болду. Өкмөт башчы курулушун баштоого капсула салуу аземине катышты.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду терезе чыгаруучу заводду куруу үчүн «Гласслэнд компани» компаниясына 5,3 млн доллар каржылык колдоо көрсөтүп, келишимге кол коюлду. Завод толук кандуу иштей баштагандан тарта 300 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, акыркы үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу миңден ашуун завод, фабрика, ишканага ири суммадагы каржылоолор жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM