Биз менен байланышыңыз

Орусияда президенттик шайлоо 17-мартта өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 661 | 0

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтөт. Тийиштүү чечимди 7-декабрда Федерация кеңеши кабыл алды.

Маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоого катышарын азырынча жарыялай элек. Ошол эле маалда, ноябрдын башында Reuters агенттиги булактарына таянып, орус лидери бешинчи президенттик мөөнөткө талапкерлигин коюуну чечкенин билдирген.

Путин өзү бул маселе боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан кийин гана үн катарын айткан.

Бир нече саясатчы буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. Алар Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Борис Надеждин, мурдагы коргоо министри Игорь Стрелков,  «Яблоко» партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, «Жаңы адамдар» фракциясынын башчысы Алексей Нечаев.

Ноябрда президенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Өзгөртүүлөр шайлоо участкаларында тасма тартууга, үгүт материалдарынын баасына жана башка бир катар жоболорго тиешелүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM