Биз менен байланышыңыз

8-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 409 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-декабрга караган түнү жана эртең менен өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +0…+5.

Бишкек шаарында 8-декабрга караган түнү жана күндүз жаан-чачын болбойт, кечке маал жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM