Биз менен байланышыңыз

Милиция: Майыптыгы бар адамды сабаган кишиге укуктук баа берилет

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 380 | 0

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы майыптыгы бар адамды сабап жаткан видео боюнча маалымат берди. Окуя 2021-жылы болгондугу жана бейтапты уруп жаткан киши аныкталган.

Текшерүү учурунда азыркы күндө Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп иштеп жүргөндө күзөттө турган учурда ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткендиктен аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн билдирген.

Ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео боюнча сурак жүргүзгөндө бул видео 2021-жылы декабрь айында тартылгандыгы, Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан аталган видео тасма 2023-жылдын 6-декабрында тарагандыгы маалым болду.

Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Сабалган бейтапка соттук-медициналык экспертиза дайындалды, аны урган кишиге юридикалык баа берилери айтылды.

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов ушул маселени көтөрүп, тез арада териштирүү жүрүүсүн талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM