Биз менен байланышыңыз

Депутат тууну өзгөртүүнү каржылаган демөөрчүлөрдүн ким экенин сурады

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 129 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов мамлекеттик туунун өзгөрүшүнүн себебин эл түшүнбөй жатканын айтып, аны каржылаган белгисиз демөөрчүлөр тууралуу сурады.

Ал парламенттин 7-декабрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүүнү эл менен кеңешпегени чоң маселе болуп жатканын айтты. Кандай орчундуу маселе болбосун элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнү чоң көйгөй экенин кошумчалады.

Парламенттин төрагасы, «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө бюджеттен тыйын кетпей турганын айтып, аны каржылаган демөөрчүлөр бар экенин айткан.

Министрлер кабинети буга чейин «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоор боюнча корутунду берип, тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жалпысынан колдой турганын билдирген.

Быйыл сентябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сунуштап, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы эмес экенин айткан.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM