Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасына 40 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 204 | 0

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 4-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде макулдашуунун долбоору каралып жатканда билдирди.

Маалыматка караганда, сумманын жарымы грант түрүндө, жарымы насыя катары берилет. Каражат өлкөнүн айыл чарба тармагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшалат.

Каржылоонун максаты — өндүрүштүк кубаттуулукту жакшыртуу жана түшүм жыйноодон кийинки чыгашаны азайтуу. Бул иш-чаралар багбанчылык азыктарына инклюзивдик, туруктуу жана климаттык шарттарга ылайыкташкан нарк чынжырларын киргизүү аркылуу ишке ашырылат.

Акчанын 36 миллиону айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталат. Калган 4 миллион доллар долбоорду ишке ашырууга эксперттерди жалдоого, окутууга, келишимдерди түзүүгө жумшалат.

Министрдин маалыматына караганда, долбоор 2024-2028-жылдары ишке ашырылат. Насыянын мөөнөтү 32 жыл, алгачкы сегиз жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM