Биз менен байланышыңыз

Мүлктү ыктыярдуу легалдаштыруу учурунда салыктык текшерүүлөр токтотулат

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 309 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамы ишке ашыруу механизмин тартипке келтирүүгө багытталган тескемеге кол койду.

Чечимге ылайык, Мамлекеттик салык кызматына мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин, жеке жактарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо, мыйзамга ылайык түзүлгөн атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн анын ичинен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуунун натыйжасында келип чыккан салыктарды төлөөгө байланышкан камералдык текшерүүлөрдү токтотуу тапшырылды.

Мыйзамды колдонуу тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта кийинки 12 айды түзөт.

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам быйыл 20-июнда кабыл алынган.

Министрлер кабинети мыйзамга ылайык, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбосуна кепилдик берилерин билдирген.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине 6-декабрда курган маегинде базарларда митингдер улана берсе, тез арада өкмөттүн атынан тышкы башкаруу киргизилерин айтты.

Ал базар ээлери, базарларда контейнерлери бар ишкерлер мүлктөрүн мыйзамдаштырып алышына жакшы шарт түзүлгөнүн айтып, салыкты ачык төлөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM