«Талибдердин аялдар жана кыздар үчүн киргизген чектөөлөрү алгач дүйнөлүк жаңылыктардын башкы темасы болгон. Бирок кийин дүйнөнүн көңүлү башка маселелерге бурулуп кетти. Ооганстандагы режимди кандай болсо, ошондой атоо өтө маанилүү – ал гендердик апартеид. Мен дүйнө өлкөлөрүндөгү ар бир өкмөттү гендердик апартеидди адамзатка каршы кылмыш деп жарыялоого чакырам», – деди Малала Түштүк Африкада Нельсон Манделанын өлүмүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып.
2021-жылы Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы «кыздарды мыйзамсыз» деп жарыялаганын билдирди.
«Эки жыл мурда эле Ооганстандагы аялдар иштеп, жетектөөчү кызматтарды ээлеп, министрликтерди башкарып, эркин саякаттап жүрүшкөн. Бардык курактагы кыздар футбол, крикет ойноп, мектептерде окуган. Бардыгы идеалдуу болбосо да прогресс бар болчу. Талибдер аз убакыттын ичинде эле кыздар менен аялдардын укуктарын чектеген 80ден ашык жарлык жана буйрук чыгарышты. Бул аракеттери менен алар кыздарды мыйзамсыз деп жарыялады десек болот», – деди Малала.
«Талибан» кыймылы Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала Юсуфзай 10 жашта болчу. Талибдер аймактагы кыздарга мектепке барууга тыюу салганда ал курдаштарынын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн. Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен.
Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген.
2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерээк Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эң жаш элчиси болгон.
Малала кыздардын билим алуусу үчүн ишин улантып, Malala Fund аттуу уюм түзгөн. Бул уюм 2017-жылдан бери Ооганстандагы балдардын билим алуусуна 1,9 млн доллар инвестиция салган.