Биз менен байланышыңыз

Байсалов Бишкектин аймагы үч эсе кеңейерин билдирди

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 233 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин аймагы үч эсе кеңейерин 6-декабрда өткөн маалымат жыйынында айтты.

Ал кошумчалагандай, министрлер кабинети 2024-жылга карата беш максатты белгилеген. Анын бири административдик-аймактык реформа жүргүзүү. Реформанын алкагында аймактарда көптөгөн өзгөрүүлөр болот.

«Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышынын бир себеби ушул. Шаардын аймагы үч эсе кеңейет. Бул чоң өзгөрүүлөргө алып келет», — дейт Эдил Байсалов.

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдагы маалыматы боюнча, Бишкектин аянты 16,0 миң га.

Президенттин «Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы 2022-жылы кабыл алынган.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Венера Исалиева, долбоор алгач пилоттук түрдө Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда ишке киргенин маалымдаган.

Андан кийин Жалал-Абад облусунда 31 айыл аймакты кыскартуу боюнча долбоор даярдалганы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM