Биз менен байланышыңыз

Быйыл аткезчиликтен келтирилген зыян дээрлик 942 млн сомго жетти

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 144 | 0

Жыл башынан бери Кыргызстанда аткезчиликтен 941,8 миллион сомдук зыян аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ыкчам-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Өзгөн Токтогулов маалымат жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, бул багытта жалпысынан 5547 мыйзам бузуу фактысы катталган. Анын ичинен бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 251 материал өткөрүлүп, алар боюнча 310,9 млн сом зыяндын орду толтурулган.

Калган 5296 факты боюнча кылмыш иштери ачылып, натыйжасында 39 млн сом айып өндүрүлүп, 307,6 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM