Биз менен байланышыңыз

Матраимов менен байланышы бар 58 бажычы иштен алынды

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 201 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени аныкталган 58 бажы кызматкери жумуштан алынды.

Бул тууралуу 6-декабрда өткөн маалымат жыйында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Бул боюнча териштирүү иштери 2022-жылдын башынан эле жүрө баштаган. Жыйынтыгында 50 кызматкер иштен кеткен. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин 50 кызматкер деп айткан, азыр 58 бажычы иштен алынды. Азыркы күндө дагы териштирүү иштери биргеликте улантылып жатат. Түздөн-түз жана кыйыр тиешеси барлар бар, орун басар, бөлүм башчы, башкы инспектор сыяктуу чечим чыгаруучу кызматтарда иштегендер да бар. Жакынкы күндөрү иликтөө толук аягына чыгат» , — деди Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.

Быйыл 18-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын, алар «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушканын кабарлаган.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу боюнча иштер  уланып жатканын маалымдаган. 

Copyright © 2017 Maral FM