Биз менен байланышыңыз

Ташиев базар ээлери соодагерлерге ижара акысын азайтышы керектигин айтты

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 243 | 0
Аламүдүн базары, 1-декабрь

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлери соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысын жок дегенде эки эсе азайтышы керектигин айтты.

Ал УКМКнын Чүй облусунун Аламүдүн райондук башкармалыгынын имаратын ачып жатып, ири соода-базар комплекстерине бай адамдар ээлик кылышарын, бирок көпчүлүк базарларда соодагерлерге шарттар түзүлбөгөнүн билдирди.

«Ошондуктан соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет.» , — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-декабрда «Дордой» базарындагы ишкерлер менен жолугушуп анда базардагы соода жайлардын ижара акысы тууралуу да сураган. Анда айрым соодагерлер базардын ичиндеги соода жайлар жайгашкан жерине жараша айына 5 миң сомдон 3 миң АКШ долларына чейин төлөй тургандыгын айтышкан.

Кыргызстанда бир катар ири базарларда соода кылгандар патент менен иштөө системасын калтырууну талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылдан тарта патент системасы жоюларын жана «Дордой», «Кара-Суу» сыяктуу ири базарларга өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген. Мындан тышкары январдан тарта ККМ аппараттарын колдонбогон ишмердүүлүктөрдү азайтуу пландалууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM