Биз менен байланышыңыз

7-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 1001 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында 7-декабрга караган түнү жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM