Биз менен байланышыңыз

Бир катар президенттер Садыр Жапаровду куттукташууда

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 195 | 0

Бүгүн, 6-декабрда бир катар мамлекеттердин башчылары президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап жатышат.

Анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бар.

Президенттер кыргызстандык кесиптешине жиберген куттуктоо телеграммасында Садыр Жапаровдун жетекчилигименен  Кыргызстанда туруктуу өсүш жана социалдык-экономикалык туруктуулук камсыз кылынып жатканын белгилешти.

Ишенимге жана колдоого негизделген, боордош элдердин мамилелеринин кеңейишине, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн калыптанышына кошкон салымын жогору баалашууда.

Садыр Жапаров 55 жашка толду. Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM