Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов тууну өзгөртүүдө референдум өткөрүүнүн кереги жоктугун айтты

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 314 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов желекти өзгөртүү боюнча «Маралга» комментарий берди. Анда ал өзүнүн жеке пикирин билдирүүдөн карманарын, референдум өткөрүүнүн кажети жоктугун айтты.

«Туу маселеси боюнча өз пикиримди билдирбей эле турайын. Жогорку Кеңеш кандай чечсе ошондой болот. Так ушул маселе боюнча эл Жогорку Кеңешти шайлаган, эл Байсаловду бул маселе боюнча шайлаган эмес. Мындан 30 жыл мурда өлкөбүздүн желеги кабыл алынганда өтө көп нааразычылыктар болгон. «Көк болсун, тигил жери туура эмес»,- деген сындар айтылган. Биз ага араң-араң көнгөнбүз. Муну мыйзам чыгаруучулар өздөрү бекиткен, өздөрү кандай кабыл алса, ошондой болот.

Ал эми тууну өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн кереги жок.Толугу менен өзгөргөн жок, кээ бир эле жерин өзгөртүп жатат. «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамды өзгөртпөй туруп эле, кабыл алса болмок. Мыйзамда жазылып турбайбы, өкмөт чечет деп. Мыйзамда бул жагы мындай болуш керек деген жок да, жөн эле күн нурлары деп турат, а бер жагында техникалык спецификациясын Өкмөт чечет деп жазылган. Керек болсо аны Жогорку Кеңешке киргизбей туруп эле Өкмөт менен чечип койсок болмок. Албетте, бул улуттук желек, улуттук мыйзам болгондон кийин, мыйзам чыгаруучулардын колунда. Мамлекеттик символдордо автордук укук деген нерсе жок, бул нерселер баары элдин, мамлекеттин менчиги».

Буга чейин, Министрлер кабинети «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоор боюнча корутунду берген.  Анда министрлер кабинети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жалпысынан колдой турганын айтып, бир нече сунуштарды берген.

Быйыл сентябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сунуштап, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы эмес экенин айткан.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM