Биз менен байланышыңыз

Түркиянын түрмөлөрүндө Кыргызстандын канча жараны бар экени айтылды

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 194 | 0
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева

Түркиянын түрмөлөрүндөгү Кыргызстандын жарандарын экстрадициялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу парламенттин 6-декабрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутат Талант Мамытовдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Түркияда жети кыргызстандык жазасын өтөөдө. Европа өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жалпысынан 13 кыргызстандык бар.

Кыргызстан 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 550 жаранын башка мамлекеттердеги абактардан өлкөгө которду.

Учурда прокуратура соттолгон жарандарды өлкөсүнө кайтаруу боюнча Иран, Түркия, Корея жана башка өлкөлөр менен келишимдерди түзүүдө. Ошондой эле эл аралык конвенциялар бар.

Бүгүн парламентте «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.

Аталган мыйзам долбооруна 2019-жылы Башкы прокуратура тарабынан 1983-жылдын 21-мартында Франциянын Страсбург шаарында кол коюлган, ошондой эле Европа Кеңешине кирбеген, бирок документти иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер тарабынан кол коюлган «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө» конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM