Биз менен байланышыңыз

Salyk.kg мобилдик тиркемеси иштей баштады

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 172 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Тиркеме «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин» мобилдик версиясы болуп саналат.

Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында катталган жана иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Анда салыктарды төлөө, электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөө, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөө, карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүү, салык отчетторун тапшыруу, маалымкат алууга суроо-талап жиберүү, катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууга болот. 

Salyk.kg тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болот, ал эми App Store версиясы жакынкы убакта жеткиликтүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM