Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Эдил Байсалов боюнча дагы даттанышты

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 170 | 0

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго карата дагы нааразылык айтылды. Парламенттин 6-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, ага карата чара көрүүнү талап кылды.

Эл өкүлүнүн айтуусунда, Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерге тийиштүү жүрүм-турум эрежесин сактабай, депутаттар менен айтышканы парламенттин аброюна шек келтирет.

«Өзүңүзгө маалым болгондой, социалдык комитеттин жыйыны аягына чыккан жок. Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары себепкер болду. Жыйында мамлекеттик жөлөкпул маселеси каралып жатса, «бул маселе мага тиешелүү эмес» деп демонстративдик түрдө чыгып кеткени комитеттин ишин, комитеттин мүчөлөрүн, ошол жерде отурган өкмөттүн өкүлдөрүн теңине албаганын билдирет.

Ар дайым эки бийликтин ортосунда ызы-чуу салып келгени, бул кишинин негизги максатындай көрүнөт. Парламент көз карандысыз орган. Бул принципти сактап калуу, Кабмин менен карама-каршылыктарды токтотуу максатында бул кишинин маселесин жалпы сессияда кароону сунуштайм» , — деди депутат.

Ушундай эле талапты депутат Марлен Маматалиев да айтты.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун жүрүм-туруму маалым экенин, териштирилип, чара көрүлөрүн убадалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында буга чейин эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканы үчүн депутаттардан кечирим сураган.

«Эл шайлаган депутаттардын макамына, Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине шек келтиргенге укугум да, ниетим да жок болгон. Саясатта, коомдук турмушта басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, ачык талкууну колдоп келгем. Ошондуктан эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканым үчүн расмий түрдө кечирим сурайм. Баарыбыз биргеликте президенттин саясатын колдоп, бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем», — деп айткан Байсалов.

Буга чейин парламенттеги бир канча фракция Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM