Биз менен байланышыңыз

Эртең театр фестивалы башталат. Спектаклдердин тизмеси

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 200 | 0

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-12-декабрь күндөрү Бишкекте «Айтматов жана театр» VI эл аралык фестивалы өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат.

Фестиваль 7-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драмда театрында ачылып, 12- декабрь күнү аталган театрда Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектакли менен жыйынтыкталат.

7- декабрдын программасы:

Саат 10:00-12:00 «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюу аземи өтөт.

Саат 15:30-17:30 “Кылым карытар бир күн” спектакли Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры тарабынан коюлат.

Өтүүчү жери: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (Абдумомунов көчөсү,. 230)

Саат 18:30-19:40 “Жер эне”

Өзбек улуттук академиялык драма театры коет. Өтүүчү жери: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры (К. Тыныстанов көчөсү,. 122)

———————-

8- декабрдын программасы:

Саат 11:00-12:30 “Би-Толгонай…”

Х. Намсараев атындагы Бурят мамлекеттик академиялык драма театры коет. Өтүүчү жери: Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры.

Саат 14:00-14:50 “Атадан калган туяк”

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры. Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук опера жана балет театры.

Саат 15:30-16:40 “Жамийла”

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театры. Өтүүчү жери: улуттук орус драма театры.

Саат 17:30-19:20 “Кассандра тамгасы”

М. Ауэзов атындагы Казак мамлекеттик академиялык драма театры. Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

—————————————————

9- декабрдын программасы:

Саат 11:00 -12:30 “Мангурт”

Азербайжан мамлекеттик пантомима театры. Өтүүчү жери: улуттук орус драматеатры.

Саат 14:30-15:50 “Жер эне” (ANA TARLA)

Баку шаардык театры (Азербайжан) Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык опеара жана балет театры.

Саат 17:00-20:00 “Бороондуу бекет”

А. Мамбетов атындагы мамлекеттик драма жана комедия театры (Казакстан).

Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

—————————————————————-

10- декабрдын программасы:

Саат 11:00-13:00 “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры (Кыргызстан) Өтүүчү жери: Мамлекеттик улуттук орус драма театры.

Саат 15:00-16:20 “Ак кеме”

Сейитназар Сейди атындагы Лебап аймактык мамлекеттик музыкалык драма театры (Түркмөнстан). Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

Саат 17:30-20:25 “Кыямат”

(Жан пида) Астана шаарынын “Жаштар” театры (Казахстан). Кыргыз улуттук академиялык опеара жана балет театры.

——————————————————————

11- декабрдын программасы:

Саат 16:00-17:15 “Ак кеме”

К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры (Кыргызстан). Өтүүчү жери: улуттук орус драма театры.

Саат 18:00-20:10 “Ашуу”

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (Кыргызстан). Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

——————————————————————

12-декабрдын программасы:

Саат 17:30-19:30 “Саманчынын жолу” (конкурстан сырткары)

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (Кыргызстан)

Өтүүчү жери: Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

Саат 19:30-20:00 Фестивалдын жабылыш аземи.

Copyright © 2017 Maral FM