Connect with us

Бишкек мэриясына абаны коргоо боюнча кошумча укуктар берилет

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 202 | 0

Бишкекте мэрияга абанын сапатын көзөмөлдөй турган ыйгарым укуктар берилет. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 5-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Өкмөт «Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтомун жактырды.

Чечимге ылайык, пилоттук долбоордун алкагында 2024-жылдын 1-январынан тарта Бишкек шаарынын мэриясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ченемдик укуктук актыларын, эки жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгарууда абаны коргоо боюнча эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт. Ал үчүн кошумча ыйгарым укуктар берилет.

Жаратылыш ресурстары министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM