Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата шаарында кичирайон салынат

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 133 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинети Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичирайонду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Документке ылайык, Мүлктү башкаруу агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды. Анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер бөлүнөт.

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM