Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 400 кызматкерин жумуштан алды деген маалыматты төгүндөдү

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 248 | 0

Мамлекеттик салык кызматы интернет-басылмалардын бири тараткан ишкерлерге орой мамиле жасоо жана негизсиз айып салуу себептеринен улам 400 салыкчы иштен алынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы «Маралга» билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 5-декабрда, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев Горький атындагы гүлзарда ишкерлердин митингинде сөз сүйлөп, салык кызматынын кадрдык өзгөрүүлөрүнө токтолуп, салык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча, анын ичинде ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Салык кызматында салык кызматкерлери боюнча 445 кадрдык чечим, анын ичинде жумуштан бошотуу, иштин башка участокторуна ротациялоо, кызматынан төмөндөтүү жана башка чаралар кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM