Биз менен байланышыңыз

2024-жылы мектептер ваучердик каржылоого өтүп баштайт

Билим-маданият , Коом | 5 Дек 2023 | 3338 | 0

«Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгесинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда жаңы кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу кандай жүрүп жатканы жана аны мыйзамдарга шайкеш келтирүү маселелери талкууланды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бир катар министрлер, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жыйында 2024-жаңы окуу жылынан тарта “ваучердик” окуу системасы пилоттук режимде башталаары айтылды.

Жарандык коомдон түзүлгөн “Билимдүү Кыргызстан” кыймылы бул ирет да жаңы кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамыны ишке ашуусун талкуулоо аянтчасын уюштурду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты. Ал жаңы мыйзам боюнча мугалимдерге жана мектептерге кандай шарттар түзүлө турганын жана бакча жашындагы жеткинчектердин маселеси кантип чечилерин айтты:

“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылып, аларды кайра даярдообуз зарыл. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууда күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз биргелешип мектепке чейинки билим берүү тармагында көп иштерди баштадык, жазында өкмөттүк акселераторлорду ишке киргиздик, бала бакчаларды ачууда лицензиялоону алып салдык, турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттарды түздүк, имараттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн санитардык жана башка нормаларды кайра карап чыктык. Кийинки жылы биз бул тажрыйбаны республика боюнча жайылтабыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле мындан ары STEM-предметтер менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептери колдонулуусу күтүлүүдө жана учурда “Акылман” президенттик лицейи бул система боюнча билим алып жатканын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбековдун айтымында, жаңы кабыл алынган билим берүү жөнүндөгү мыйзам коомдогу көпчүлүктүн ой-пикирин билдирген мыйзам болуп калды.

Авазбеков жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууга эки жылдай убакыт кетип, ага «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси, Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү министрлиги жана эксперттер иштеп чыгып барын башын бириктирген консолидацияланган мыйзам экенин, азыркы учурда кандай иштер аткарылып жатканына токтолду:

«Сегиз багытта мыйзамдык актларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ иштеп жатат. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү, мектептеги билим берүү, аккредитациялоо жана башка багыттарда активдүү иштеп жатышат.  29дан ашыуун мыйзамдык актларга, 7 мыйзамдык кодекстерге  өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Алдыда оор жумуш бар, мыйзам толук иштеп кетүүсү үчүн бардык аракетти жумшоо зарыл. 80ден ашуун жаңы термин кирди. Мисалы, гибриддик окуу, онлайн окуу, жумуш ордунда окуу деген түшүнүктөр кирди. Ошондой эле ваучердик түшүнүк кирди. Мурдакыдай жалаң эле мамлекеттик билим берүү мекемесине эмес, жеке менчик билим берүү мекемелерине дагы билим берүү грантын уткан абитуриенттер мүмкүнчүлүк түзгөнгө аракет кылып жатабыз. 2024-жылы жаңы окуу жылында пилоттук режимде баштайбыз. Эгер жакшы жыйынтык көрсөтсө, өлкө боюнча массштабтуу түрдө киргизебиз». 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Абдывахап Нурбаевдин айтымында, түзүлгөн жумушчу топ жай иштеп жатат.  2024-жылы жаңы окуу жылынан тарта «ваучердик» каржылоо системасы пилоттук режимде кирет. Бирок анын программасы дагы деле иштелип бүтө электигин билдирди.

«Мыйзам кабыл алгандан кийин сегиз жумушчу топ түзүп, укутук ченемдик актлар иштелип чыгууда. 1-декабрга чейин бүтүүсү керек эле, бирок бүтпөй калды. Анткени жаңы министрдин бул мыйзам боюнча так позициясы жок. Ал ваучердик каржылоо системасын мамлекеттик мектептерге эле киргизем деп жатат, биз жардам берели десек, өзүм билем деп жатат. Ошол себептен жумушчу топтун иши солгундап жатат. Азыр бала бакча ачууну каалагандардын саны көп, бирок эрежелери иштелип чыга элек. Эртерээк иштелип чыкса, бакчага барган балдардын саны өсүп, мектепке даярданышмак. Мектептерде сапат департаменти ачылса, мектептерге көз карандысыз мониторинг жүргүзүп, баардык мектептердин рейтинги сапатка карап белгиленмек. Азып мектептердин рейтинги жок. Мына ушуларды киргизип алсак, билим берүү тармагы этрерээк алдыга жылмак».

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки долбоор жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM