Биз менен байланышыңыз

Чукул билдирүү. 9-декабрдан тарта суук түшөт

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 1374 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-12-декабрда аба ырайы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы -5…-10 градуска чейин төмөндөп, күндүз 0…-5° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз

-3…-8° суук,

тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук,

бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Ошондой эле 12-14-декабрда абанын температурасы мындан да төмөндөйт. Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Алыскы жолго чыгарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алуу, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM