Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө канаттуулар фабрикалары курулууда

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 183 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл районунда жайгашкан «Евразия канаттуулар фабрикасы» ЖЧКсынын жаңы фабрикасынын имаратына капсула салды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен фабриканын ортосундагы келишимдин суммасы 8 млн доллар. Өкмөт 49 жылга 64 гектар жер берген.

Мындан тышкары, Балыкчы шаарында жайгашкан «Агро Куш» ЖЧКсынын канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда бул фабрикада жылына 7 миң тоннадан ашуун тоок эти өндүрүлөт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, фабриканын өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуумаксатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен «Агро Куш» ЖЧКсынын ортосунда 1,3 млн долларды түзгөн келишимге кол коюлду. Бул долбоор ишке ашса жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш оруну түзүлөт. Жаңы канаттуулар фабрикасын курууга мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга берилди.

Төрөбаевдин айтымында, 2022-2023-жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында 43 млрд сом бөлүнгөн.

2022-жылы өлкөдө 10 миң тоннанын тегерегинде тоок эти өндүрүлгөн. Бирок ошол эле учурда өлкөгө жылына 55 миң тонна тоок эти керектелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM