Биз менен байланышыңыз

Жапаров патент менен иштөө июлга чейин калтырыларын айтты

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын 1-июлуна чейин калтырууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда «Дордой» базарында соодагерлер менен жолугушууда айтты.

«Эки күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Эми июлга чейин азыр кандай иштеп жатышса, токтотуп тургула, ушул бойдон иштеп турушсун дедим. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен кечээ билдим муну. Бүгүн да салыкчылар силердин патент менен иштешиңерге кызыкдар. Биз муну эртеби кечпи жок кылабыз. Себеби силер төлөгөн салыктыз өздөрү жеп келишкен» , — деди Садыр Жапаров.

Президент соодагерлерди пайдаланып, атайын нааразылык уюштурган кызыктар топтор бар экенин да айтты.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында соодагерлер менен жолугушууга барды. Ишкерлер бир канча күндөн бери ККМ аппараттарына каршы нааразычылык акциясын өткөрүүдө.

Салык кызматы жаңы жылдан тарта «Дордой» жана «Кара-Суу» базарында патент менен иштөө токтотулуп, өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

ККМге каршы нааразылык акциялары өлкө боюнча өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM