Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 316 | 0

Министрлер кабинети «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоор боюнча корутунду берди.

Анда министрлер кабинети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жалпысынан колдой турганы айтылат.

Өкмөт мыйзамдын долбоорунун расмий тилдеги текстинде туунун эни жана узундугунун өлчөмдөрүнүн катышы жөнүндө маалымат жок экендигин белгилейт.

Мыйзамдын долбоорунун тексти боюнча туунун схемалык сүрөтү менен эсептөөлөрдө дал келбөөчүлүк бар. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана туунун схемалык сүрөтүндө бардык өлчөмдөрдү көрсөтүү сунушталат.

Мындан тышкары 1992-жылдын үлгүсүндөгү Мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат долбоордун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.

Аны ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жана каржылоо булактары боюнча маалыматтар менен толуктоо зарылдыгы сунушталат.

Быйыл сентябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сунуштап, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы эмес экенин айткан.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM