Биз менен байланышыңыз

Блогер Ырыс Жекшеналиев акталды

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 558 | 0

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер, активист Ырыс Жекшеналиевге карата соттук териштирүү аяктады. Соттон кабарлашкандай, ага коюлган айыптар алынып, толук акталды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Ырыс Жекшеналиевди «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы» үчүн күнөөлүү деп табууну өтүнгөн.

Прокурор блоггерди жалпы режимдеги колонияда өтөө үчүн алты жылга кесүүнү сураган.

«Полит узник» фейсбук баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев былтыр 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган.

Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM