Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги көмүр сатылган жайлар жана баалар тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 174 | 0

Бишкек мэриясы көмүр саткан жайлардын даректерин жана баалар тууралуу маалымат берди. Шаардын төрт районундагы отун базаларында көмүрдүн эң төмөнкү баасы 4,7 миң сом, эң жогорку баа тоннасына 7 миң сом.

Ленин району:

  • Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
  • «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • ЖИ «Болотбеков», Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

  • Ак-Босого конушу, Профессор Зима 156а дарегинде бир кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
  • Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
  • Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
  • Алтын-Бешик конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн мүшөгү 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
  • Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде мүшөгү 280 сомдон;
  • «Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө мүшөгү 250 сомдон;
  • Месарош көчөсү, 96 дарегинде бир мүшөк көмүр 240 сомдон сатылууда;
  • Калыс Ордо конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө мүшөгү 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • Достоевский көчөсү №1, «Шабыркүл» тоннасы 6200 сом;
  • айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын «Кара-Жыра» көмүрүнүн  тоннасынын баасы 6200 сом;
  • Кара-Жыгач конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү — Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM