Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри «Дордой-моторс» базарынын соодагерлери менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 200 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой-моторс» базарында нааразылык акциясына чыккан соодагерлер менен жолугушту.

Ал жерде базардын ээси Аскарбек Салымбеков, базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү болгонун мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ишкерлердин талаптары угулуп, маселени сүйлөшүү менен чечүү керектиги айтылды.

Мэр андан кийин борбордогу базарларда болуп жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу жыйын өткөрдү. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, анда райондор боюнча салык кызматтарынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү базарлардагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.

Мэр Жунушалиев соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ири жана чакан базарларда «бирдиктүү терезе» системасы боюнча жайларды ачууну тапшырды.

Бүгүн «Дордой-моторс» базарында иштеген соодагерлер кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылган акция өткөрүшкөн.

Ушундай эле талап менен өлкөдөгү ири базардын ишкерлери өткөн жумадан бери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылдан тарта патент системасы жоюларын жана «Дордой» менен «Кара-Суу» базарына өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан баштап ККМ аппараттарын колдонбой аткарыла турган ишмердүүлүктөрдүн тизмесин кыскартуу сунушталган. Тиешелүү токтомдун долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, күркөлөрдө гезит жана журнал саткандар, гүл саткан жайлар, айыл чарба продукциялары, нан азыктарын саткан жерлер, улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды сатуу менен алектенгендер ККМ аппаратын колдонууга милдеттүү болушат.

Copyright © 2017 Maral FM