Биз менен байланышыңыз

Бейшекеев: Айтматов концертиме эки күн катары менен келген

Блог , Көңүл ачуу , Марал шоу | 12 Дек 2023 | 7407 | 1

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеев Марал радиосунун “Биздин мезгил” программасында балалыгы, чыгармачылыктагы жолу, санаалаштары жана Ч. Айтматовдун чакыруусуз биринчи жана акыркы жолу жеке концертке келип катышканы тууралуу кенен маек куруп берди.

-Шаарга келгенге чейинки айылдагы балалык, ошол учурдун оюну, шаан-шөкөтү кандай өткөн?

-Балалык жөнүндө эстесең — айыл, айыл жөнүндө эстегенде ата-эне, бир тууган жана чогуу ойногондор эске түшөт. Менин балалыгым толук кандуу бактылуу өттү десем болот. Ата-энем менен чогуу жүрүп, “кылганың биз үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн”, — деп турмуштун өйдө-ылдыйын үйрөтүштү. Азыркы балдар кичинекейинен эле өзүнө толтура көйгөй үйүп алгандай сезиле берет. Бизде тескерисинче тынч, жай турмуш, оюн-күлкү менен өткөн. Азыркыдай көп оюнчук болбосо да балалык кумарыбыз толук кандуу болуптур. Чыгармачылык адамдардын баарынан эле сурасаң балалыгында тентегирээк болуп чоңойгон. Себеби чыгармачылык ошондо эле ойгонуп баштайт окшойт. Ошондуктан үйдөгүлөрдүн далай жолу айласын кетиргенмин. Бир ишти кылсам ошонун майын чыгара жасаганды жакшы көрчүмүн. Үйүбүздө тору айгыр бар болчу. Ошону бир күн аябай каттуу чаап келип, суу ичирип койгон экенмин. Кийин үч күн жашап эле ичегиси түйүлүп жан берди. Ошондо биринчи жолу өзүмдү күнөөлүү экенимди сездим. Ага чейин күнөөмдү мойнума алчу эмесмин.

Кийинчерээк уй багууга өткөзүп коюшту. Ал кезде өкмөттүн сүт планы толбосо айылдын уйларын кошо айдап кетип калышчу. Биздин бир уй менен чогуу кошунанын эки уюн кайтарат элем. Бир күнү уйлардын ичи көөп, аны үйгө чейин чуркап айдаганда андан катуу көөп кеткен. Ошентип ал чоң уйдун жок болушуна да себепкер болуп калганмын.

Андан кийин мени койчу кылып коюшту. Бизде бир эле кочкор, калганы бүт кой болчу. Бир күн өкмөттүн бир короо кочкорлору биздин койлорго кошулуп кетиптир. Жалгыз кочкорду кичинекей жерден учура сүзүшкөн. Ошентип мал бакканды эч эптей албай койдум. Анан мени кой да бактырбай коюшту. Кайрадан үйдөгү жумуштарга жардам берип баштаганмын.

-“Аккан арыктан суу агат”, — дейт. Үй-бүлөңүздө талантка ким жакыныраак?

 -Жалпы кыргызды алганда өнөргө жакын, өнөрдү баалаган элбиз. Андай болбосо «Манастай» дастанды эпос кылып ооздон-оозго өткөзүп жаза алмак эмеспиз. Бул жети атада жок болсо да, тээ илгертеден кыргыздын канында сиңип калган. Менин атам да убагында жакшы ырдаган, апам болсо музыка мугалими болгон. Кийинчерээк эле ырдабай калды. Ал өзү аккордеон бөлүмүн бүткөн экен. Бирок мен көбүнчө комуз жагына ыктап калдым.

-Мектепте чогуу окуган классташтар менен мамилеңиз кандай? Окуучулук кездериңизден айтып берсеңиз?

 -Классташтар менен азыркыга чейин жакшы мамиледебиз. Өзүбүздүн ай сайын өткөзүп турчу шеринебиз бар. “Достордун эң жакшысы классташтар” деген сөз бар. Мен буга толук түрдө кошулам. Сени кандай болсоң, ошондой кабыл алган адамдар. Себеби жети жаштан ушул убакытка чейин кандай болсок бири-бирибизди ошондой кабыл алганбыз. Мектепте окуп жүргөндө уюштуруучу элем. 8-класста окуп жүргөндө класс жетекчибиз Токтобеков Дилде агайыбыздын атынан концерт даярдадык. Кичинекей баракка афишаны даярдап, баасын 50 тыйын деп койгонбуз. Кээ бирлерин бекер киргизип акырында 27 рубль чогултканбыз. Сахнасы жок залда 40-50 адамга терлеп-тепчип концерт коюп бергенбиз. Биринчи жолу чыгармачылыка болгон шыгымды классташтарым аркылуу сезе алдым.

-Биз бала кезде сиздердин ырларыңызды угуп чоңойдук. Ушулардай ырдап, ушул адамдарга жолугалы дечүбүз. Сиздердин убакта ошол адамды кумир тутуп, ошол адамдай болгум келет деген дегдөө болду беле?

 -Менин чыгармачылыктагы кумирим Малик Аликеев болгон. Себеби комузга жакын болгонум үчүн жактырып калдым окшойт. Ал кезде магнитофон, телевизор айылда саналуу эле болчу. Менден улуу кошунабыздын баласына барып бир дем менен үнүмдү жаздырып келдим. Ошондо уксам үнүм Малик Аликеевдин үнүнө окшошуп калыптыр. Ал байкеден магнитофонду сурап, атамдарга угузуп келейин дедим. Ошол нерсени ийгилик катары кабыл алдым окшойт. Анан атам жумуштан келгиче күтүп отурдум. Атама “үнүм Малик Аликеедин үнүндөй болуп калыптыр” деп айткам. Менин шагымды сындыргысы келген жок окшойт. Жөн эле “Малик Аликеевдей жакшы ырчы болуш үчүн, жакшы окуш керек” деп айтып койду. Ошондо атам “башты оорутпай андан көрө тиги иштерди кылчы” дегенде ырга болгон ышкым жоголуп кетиши да мүмкүн эле.

-Жаштыктын жакшы учуру студенттик кездер. Шаардан айылга келип, студент учурда кандай кызыктуу окуялар болду?

 -Негизи 8-9 класстан эле шаарга кетким келген. Батыраак шаардын турмушуна аралашкым келчү. Бирок бул сунушум үйдөгүлөр тарабынан кабыл алынган жок. Окууну бүтүп шаарга келгенде эле студияны эңсеп келдим. Ошол жерде окубасам чыгармачылыкка аралаша албай тургандай болуп эле. Чынында ошол кезде филармониянын алдындагы эки жылдык студиянын аты таш жарып турган убагы эле. Биринчи жылы  кеч келип кабыл алынбай калдым. Кийинки жылы Кетмен-Төбөдө катуу жер титиреп, үйдөгүлөрдү  таштап кетким келген жок. Айылда 20 сотых жердеги тамекини карадым. Аны жыйнап, сатып акчасын үйдөгүлөргө берип, 19 жашымда кайра шаарга келдим. Келгенде Элмирбек, Шекербек, Токтобектер менен замандаш болуп калдым. Анан жакшы мугалимге да туш болдум. Окууга аябай ынтаа, дитимди коюп окудум. 4 айдан кийин Улуттук филармонияга солист болуп жумушка кабыл алындым. СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев өзүнүн тобуна кабыл алып, аябай толкунданганмын. Келдибек Тургунбаев деген филармониянын режиссеру “сенин жазмаң да жакшы, кара сөз түрүндө аңгеме повесттерди жазсаң болот” деп шык берип турган. Ошол кишинин айтуусу менен топко кирип калганмын. Эки жарым жыл окуп дагы, иштеп дагы бай студент болдум. Биринчи маянам 230 сом болсо, ага кошумча 35 сом стипендия алчумун. Ошого Элмирбек дайыма “сууда балык калбай калса да, Сыймыкта акча калбай калбайт. Мында дайыма акча бар болот” деп тамашалап калчу.

Биринчи жолу гастролдоп Таласка барганмын. Менде башкача толкундануу болгон. Себеби Манас атабыз баскан жерлерден басып, Чыңгыз Айтматовдун жерин көрүү өзүнчө сыймык. Ошол кезде чек аранын баары ачык болгон үчүн, ырдап эле Жамбылды (Тарас) көрүп, мейманканада жатып калганыбызга катуу сүйүнгөнмүн. Ал мейманканадан эл өзү келип алып кетет. Өнөр адамдарына болгон сый-урмат күчтүү экенин ошондо сезгенмин. Кийинки жылы Ысык-Көлдө болдук. Биринчи көргөндө эле жүрөгүм элеп-желеп болуп, көлгө болгон сүйүүм башкача болду. Ошондон кийин алгачкы “Көлдүк кыз” ырымды жазып чыкканмын. Ага чейин да ырларды жазганмын, бирок мени элге тааныткан ошол ыр болгон.

Негизи менде чыгармачылык андан да эрте башталышы мүмкүн эле. Бир жолу тайкемдин ырлары жазылган дептерин карап отуруп, “Жүрөк сезет” деген ырга обон чыгарып койгонмун. Тайкем келсе ырдап берем деп даярданып жүрөм. Анан биз жаткан бөлмөдө керебеттин башында кичинекей радио илинип турчу. Ал радиону дайыма өчүрбөйт болчубуз. Бир күн Асанкалый Керимбаев аккордеон менен “Жүрөк сезет” деген ырды ырдап жатат. Ошол күнү аябай калтырап, түндө да уктабай чыкканмын. Көрсө балалык кылып, бир ырга бир нече обон чыгарып, ырдап чыга берсе болот экенин билчү эмес экенмин. Эгерде ошондо мага бирөө туура багыт бергенде чыгармачылык, обончулукка эрте аралашат белем.

-Сизде жаңы ырды жазып, обон чыгарганда башкача сезимдер болгонбу?

 -Менде “Көлдүк кыз”, “Маңкурт баяны”, “Күзгү нөшөр”, “Бөлөмө”, “Саманчынын жолу”, “Сүйүү жылдызы” бир убакытта чыккан. Баары бир учурда белгилүү болгон. Бирок “Көлдүк кыз” ырыма болгон көз караш башкача. Андан мурда 1992-жылы жазган “Гүлбайра” деген ырымды 10 жылдан кийин ырдап чыктым. Ошол учурда кайсы жерден ырларыңды угуп калсаң башкача толкундануу болуп келген. Муну өнөрдү сүйүп, баалаган киши гана түшүнө алат.

-Бала кезде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көп кайрылдым дедиңиз. Сиздин борбордо өтүп жаткан концертиңизге дагы улуу жазуучунун келиши өзгөчө сыймык болушу керек. Ошондо кандай толкундануу болду эле?

 -2004-жылы 7-8-9-март күндөрү концерт койдум. 7-марттагы концертке билет калбай калыптыр. Анан эле “Чыңгыз Айтматов концертке келет экен, бирок билет калбай калыптыр” деп бирөө чалып калды. Башында билет таппай жаткандардын бирөөсү эле тамашалап жатат окшойт деп ойлогонмун. Бирок ага карабай, билет даярдап берейин деп, сыртта билет саткан эжелерден эки билет алып койдум. Анан концерт башталарга аз калганда, жубайым Айтматов концертке келгенин кабарлады. Ошондо аябай катуу толкунданганмын. Анан сахнада ырдап жатып ортодо отурганын көрүп, ырдап бүтүп эле “кийинки сөз Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдо” деп сахнага чакырып салдым (күлүп). Күтүүсүз болгону үчүн жанындагы жардамчысын карап, саамга таң кала түштү. Эми аларды да түшүнсө болот, дайыма протокол менен жүрөт эмеспи. Бирок сахнага чыгып келе жатканда ушунчалык толкундандым. Сахнага чыгып эле менин «Маңкурт баяны» деген ырымдан таасирленгенин айтып берди: «Москванын жол тыгынын билесиздер, ушундай тыгындардын биринде унааны айдап бараткан айдоочум бир кассетаны койду. Анан эле бир жакшынакай үн менен бирөө “Маңкурт баяны” жөнүндө ырдап баштады. Ошол кезде мен унаалардын жол тыгыны эмес, өмүрдүн жол тыгыны алдымда тургандай элес калтырып, өмүр бир саамга токтоп тургандай сезилди. Азыр ошону ырдап бер, мен атайын ошону угуу үчүн келдим” деп айтты. Анан ал ырды ырдап бүткөндөн кийин эле кетип калабы деп ойлогом, бирок концерттин аягына чейин отурган. Көшөгө жабылып бүткөндөн кийин жардамчысынан чалып калды. Айтматов телефонду алып эле “Сыймык балам, концертиң аябай жакшы өттү. Эмне үчүн тасмага тарттырган жоксуң?, — деп сурап калды. “Биз ал үчүн УТРКга бир канча күн мурун арыз беришибиз керек эле, эртең дагы тарта албайбыз го” дедим. “Анда арызды мен берейин, эртең дагы келем концертиңе, тасмага түшүрүп калалы. Бул тарых балам, эртеңки күнү сага керек болот”, — деди.

Ошол күнү түнү менен уктабай толкунданып, тааныштардын баарына “концертиме Айтматов келди, эртең да келет” деп чала берипмин (күлүп) Мени эң толкунданткан жери, ал киши мамлекеттик иш-чараларга катышып эле жүрөт, бирок жеке концертке келип, анын аягына чейин катышып бергени болду. Өз каалоосу менен, чакыруусуз биринчи жана акыркы жолу келген концерти ошол болгон. Мен үчүн чоң эстен кеткис нерсе. Көптөр сурап калат “Чыңгыз Айтматов машина, квартира белеке бериптир го” деп, мен дайыма сыймыктануу менен андан да чоң нерсе “батасын” берген деп айтып келем.

-Сиз чет өлкөлөргө да көп чыгып жүрөсүз. Ошол жакта жүргөн мекендештердин мекенге болгон сагыныч көздөрү кандай болот?

 -Бир адамдын көкүрөгүндөгү нерсени бир адам сезип, жеткириши да кыйын. Бирок ата-энесине, бир тууганына кыла албай жаткан нерсени чын жүрөктөн сен аркылуу кылып жатканын сезесиң. Ал жактан 10-15 жылдап келе албай жаткандар бар. Ошол үчүн өзүм дагы айылга ат тезегин кургатпай тез-тез барып турганга аракет кылам. Куржундун эки көзү толуп турганда бардык нерсенин кадырына жеткенге аракет кылып калыш керек экен. Азыр ошол бир куржундун көзү бошоп, атамдан айрылып калганбыз. Ал боштукту кайрат, сабырдуулукту толтуруп алып апама барып келем.

Тилеке каршы, кээ бирлер ага дагы бара алышпайт. Менин оюмча чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйү да ушунда. Бирок азыр мурдагыдай болбой, сагынычты телефон кыскартып койгондой сезилет. Ата-эненин ордун эч ким толтура албайт. Ошондуктан алардын көзү бар кезде аздектеп алышыбыз зарыл. Сый-урмат десе эле аларга байлыкты үйүп бербей, көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Аларга кичинекей ийгилигиң болсо да айтып берсең, алар үчүн тоону томкоруп келгендей эле сезилет. Мени атам эч качан саясатка киришимди каалаган жок. Канчалаган жогорку кызматтарга сунуштар келген. 2010-жылдан бери белдүү партиялардан “алдыңкы бештикке, ондукка киргизели” деп айтып келишкен. Мен дайыма атама мени жакшы көргөн апалар “кел айланайын, бетиңди тут өөп коеюн” деп жалынып-жалбарып жылуу сөздөрүн арнаарын айтып барчумун. Ошону кийин атам “э балам, ошол апаларың телевизорду карап сага түкүрүшүн каалайсыңбы” деп айтканы бар. Мен өзүмдүн оюм менен болом да десем “ал жерде Сыймык Бейшекеев жана саячсатчылар деп айтылбайт. Ал жерде сенин буга чейинки чыгармачылыкта кылган нерселериңдин баары жуулуп, жөн эле саясатчы болуп каласың”, — деди. Ошондо атам туура эле кеңешин берген экен деп коем.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

1 пикир

1 пикир

  1. Батма

    13.12.2023 01:30

    Сыймчк Бейшекеев озчыгармалары аткаруусу менен тарыхта аты калат.Антенниыврлары созу, обону озгочо таланттын ээси экенин Ч. Айтматовду окуп эле чвкпай элге обону менен жеткиргенинде.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM