Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык суусундуктарды алып келүүгө тыюу салуу долбоору колдоо тапты

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 348 | 0

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын аймагына энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоду.

Долбоордун демилгечиси депутат Улан Бакасов белгилегендей, документ жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салууга жол берилерин, бирок тыюу салуу мөөнөтү 6 айдан ашпаш керек экенин айтты.

Быйыл 3-июлда «Жарнама жөнүндө» кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынган.

Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү.

Алардын ден соолукка коркунучу, негизинен курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу.

Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM