Чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн бош жумуш орундары тууралуу маалымат берген жарманкелер өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жарманке министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» USAID долбоору менен биргеликте уюштурулууда.
Ага 20дан ашык жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери катышат, алар кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунуштайт.
Жарманкелер өтө турган жайлар:
4-декабрда Баткенде (БатМУ);
5-декабрда Жалал-Абадда (ЖАМУ);
6-декабрда Ошто (ОшТУ);
12-декабрда Нарында (НарМУ);
13-декабрда Караколдо (ЫМУ);
14-декабрда Бишкекте (КУУ) өтөт.