Биз менен байланышыңыз

Эгиз кыздарын сабаганга шектелип кармалган келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталды

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 301 | 0

Башкы прокуратура Араван районунда эгиз кыздарын сабоого шек саналган келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кыздардын энесине карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга карата 41-берененин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, иштин материалдары сотко жиберилген.

Башкы көзөмөл органы наристе кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында келинди энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө ал кароо алдында турат.

Ушул жылдын 6-ноябрь күнү социалдык тармактарга кыздарын сабаган келиндин видеосу тараган.

Copyright © 2017 Maral FM