Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 500гө жакын мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 200 | 0

Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында өткөн жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 20 миң 762 фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Анын ичинде мас абалында автоунаа айдаган 494 киши, тийиштүү документтери жок унаа айдаган 386 адам, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 63 айдоочу, эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 2964 факты, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 1136, авто ээнбаштык боюнча 12 факты, белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3980, жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4, башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 723 факты катталды.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1863 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM