Биз менен байланышыңыз

Президент базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түздү

Кыска кабар | 2 Дек 2023 | 452 | 0

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот», — деп жазды Алагөзов.

Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деген.

«Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар «бутуна туруп кетсин» деген саясат болчу.

Азыр эми «Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген» соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды.

Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз» — деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы.

Copyright © 2017 Maral FM