Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча УКМК төрагалары жолугушту

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 391 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда делегациялардын жумушчу топторунун ишине оң баа берилип, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгы белгиленди.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик фактылары дагы эле бар экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM