Биз менен байланышыңыз

Мигрант ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишим түзүлөт

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 243 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги эмгек мигранттары менен алардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишим түзүүнү сунуштады.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттик фракциянын 1-декабрдагы жыйынында билдигендей, көпчүлүк баланын ата-энеси миграцияда. Бирок муну чечүү оор маселе болууда.

«Учурда 300 миңге жакын баланын ата-энесинин бири миграцияда, дагы 100 миңдей баланын атасы да, апасы да миграцияда. Биз муну жөнгө салуу боюнча келишим долбоорун иштеп чыктык. Ал ата-энелердин балдарынын коопсуздугун, билим алуусуна көңүл буруусундагы жоопкерчилигин жогорулатат. Зомбулукка кабылган да, кор болуп жүргөн да ата-энеси миграцияда жүргөн балдар. Бул маселени бир эле билим берүү министрлиги чече албайт, жалпы чечишибиз керек. Ата-эне акча менен камсыз кылат, бирок баланын өнүгүү процессине катышпай жатканы бала үчүн чоң жоготуу» , — деди министр.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет өлкөдө жашачу.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтарына ылайык, текшерүүгө алынган 192 миң үй-бүлөнүн ичинен 72 миң бала кароосуз калтырылган.

Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат.

Copyright © 2017 Maral FM