Connect with us

Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалды

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 367 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, опера жана балет театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси барларды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM