Connect with us

Абактагы Жээнбеков өзүн китепканачы кылып иштетүүнү суранды

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 358 | 0

«Кемпир-Абад» иши боюнча абакта кармалып турган саясатчы Равшан Жээнбеков түрмө жетекчилигине өзүн китепканачы кылып иштетүүнү суранып, арыз жазды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Саясатчы элге кайрылып, жаңы китептер болсо алып келүүнү өтүндү.

«30-ноябрда түрмө жетекчилигине мени түрмө китепканачысы кылып иштетүүсүн суранып арыз бердим. Түрмөдө китепканачы жок. Китепкананы пайдалануу механизми иштелген эмес. Китептер эски. Куранды, Ислам эрежелерин үйрөнүүчүлөр көп, бирок зарыл болгон исламдык теологиялык китептер жок. Урматтуу мекендештер, кимиңерде жаңыраак китептер, ислам эрежелери боюнча брошюралар болсо СИЗОго китепканага жардам берип койсоңор. Түрмөдөгүлөрдүн китеп окуганы, түрмөдөгүлөргө дагы, элибизге дагы жакшы» , — деп жазды саясатчы.

Саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Ага чейин 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM