Биз менен байланышыңыз

«Дордойдогу» нааразылык акциясынан кийин бир киши кармалды

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 371 | 0

«Дордой» базарында 30-ноябрда болгон нааразылык акциясынан кийин бир киши кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран «Дордой» базарынын аймагында өткөн митингде коомдук тартипти бузуп, бир адамдын денесине залал келтирген деген шек менен кармалды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.

30-ноябрда Бишкектеги «Дордой» базарынын соодагерлери салыктын өзгөчө түрү боюнча нааразылык акциясына чыгышты. Алар сырттан товар менен ташыгандар менен жергиликтүү кийим өндүрүүчүлөргө карата бирдей шарттагы салык режими киргенине нааразы.

Мындан тышкары, кездеме саткан «Мадина» базарынын ишкерлери да иш таштады. Ошондой эле «Орто-Сай» базарында да соодагерлер иш таштай турганын билдирди. Алар «Дордой» жана «Кара-Суу» базарына өзүнчө мамиле жасалып жатканына нааразы болуп, патент менен иштөөнү улантууну талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM